ЭЛАРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДИ ЖАҢЫЛОО – мурдагы келишимдерди жаңы шарттарга жараша колдонууга шайкеш келтирүү максатында, аны жаңы милдеттенмелер менен жарым-жартылай же толук алмаштыруу жолу менен эларалык келишим боюнча милдеттенмелерди жаңылоо. Э. к. ж. келишим түзгөн тараптардын өзара макулдашуусу боюнча жүзөгө ашырылат (анын аракет мөөнөтүнө же жаңы мөөнөткө). Ал бүтүндөй келишимге же анын кандайдыр бир бөлүгүнө тийиштүү болот.
ЭЛАРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДИ ЖОЮУ – мамлекеттин бир жактуу баш тартуусунун натыйжасында эларалык келишимдин бул мамлекет үчүн юридикалык күчүн жоготуусу. Денонсациядан айырмаланып, ал келишимдин өзүндө бекитилгендей, тараптардын алдынала макулдашуусуна негизделбестен, бир жактуу мүнөздө болот. Ошондуктан, Э. к. ж. эларалык укукта каралбайт. Жараксыз эларалык келишимдерди, т. а., ошол мамлекеттердин мурдагылары менен түзүлгөн, ошондой эле, башка тарап тарабынан бузулган, жагдайлардын өзгөрүшүнө байланыштуу ж. б. келишимдерди жоюу туура болуп эсептелет.
Аннулирование международного договора
ЭЛАРАЛЫК КЕЛИШИМДЕРДИ КАТТОО – эларалык уюмдун атайын каттоосуна күчүнө кирген эларалык келишимди киргизүү, бул андай уюмдун органдарында ага шилтеме жасоого мүмкүндүк түзөт. Э. к. к. БУУ, ЭЖАУ катчылыктарында жана башка эларалык уюмдарда ишке ашырылат. БУУда каттоодон өткөн келишимдер анын атайын жыйнактарында жарыяланат. КР эларалык келишимдерин каттоону КР Тышкы иштер министрлиги ишке ашырат.
Регистрация международных договоров
ЭЛАРАЛЫК КЕЛИШИМДЕР УКУГУ – эларалык укуктун тармагы, анын ченемдери эларалык келишимдердин анык шарттарын, аларды түзүүнүн, колдонуунун, өзгөртүүнүн жана токтотуунун тартибин аныктайт. Бул тармактын объектиси – эларалык укуктун башкы булактарынын бири катары эларалык келишим болуп саналат. Э. к. у. алардын аталышына, объектисинин таризине жана түзүлүү жолжобосуна карабастан, эларалык келишимдердин баардык түрлөрүнө таркалат, Э. к. у-нун негизги булактары – эларалык укуктук адат эрежелери жана Эларалык келишим укугу жөнүндөгү 1969-жылдагы Вена конвенциясы.
ЭЛАРАЛЫК КЕЛИШИМДИ АЛДЫНАЛА ТАСТЫКТОО – келишим текстинин өзара макулдашып жаткан мамлекеттердин ыйгарым укуктуу аталышы менен акыйкаттуулугун бекемдөө; сунуш кылынып жаткан текст негизги текст экендигин күбөлөндүрөт. Ал келишимдин баардыгына, ошондой эле анын айрым беренелерине гана тийиштүү болушу мүмкүн.
ЭЛАРАЛЫК КЕЛИШИМДИ БУЗУУ – эларалык келишимдердин тараптарынын жабыркоочуга же жабыркоочуларга зыян келтирүүчү жана эларалык-укуктук жоопкерчиликке кириптер кылуучу укукка каршы кылмыштуу аракеттери же аракетсиздиктери. Э. к. б. ошондой эле эларалык милдеттенмелерди акниет аткаруу принцибин бузат.
Нарушение международного договора
ЭЛАРАЛЫК КЕЛИШИМДИ ДЕНОНСИРЛӨӨ (лат. denuntiatio – кабарлоо) – эларалык эки тараптуу келишимдин аракетин токтотуунун же көп тараптуу келишимден чыгуунун биркыйла кеңири таралган ыкмасы. Алардын катышуучусунун ошондой келишимде көрсөтүлгөн тартипте жана мөөнөттө аны бузгандыгы тууралу кабарлоосу. Эгер келишим денонсирлөөнү карабаса жана анын катышуучуларынын андай ниеттеринин мүмкүндүгү белгиленбесе, анын денонсирленүүсү мүмкүн эмес.